DHKP-C жактоочулары Грецияда полиция менен кагылышты

DHKP-C жактоочулары Түркияда ачкачылык жарыялаган адвокаттарды колдоо максатында демонстрация уюштурууну каалашты.

1497592
DHKP-C жактоочулары Грецияда полиция менен кагылышты

Грецияда Түркиянын Афинадагы элчилигине кирип барууну каалаган террордук уюм DHKP-C жактоочулары полиция менен кагылышты.

Борбор шаар Афинада, парламенттин имараты да жайгашкан Синтагма аянтындагы дайынсыз жоокерлеринин эстелигинин алдына чогулган 30га жакын адам, Түркияда ачкачылык жарыялаган адвокаттарды колдоо максатында колдорундагы баннерлер менен демонстрация уюштурууну каалашты.

DHKP-Cни колдоп ураандарды чакырган демонстранттар Түркиянын Афинадагы элчилигине кирип барууга аракет кылганда полиция кызматкерлери аларга бөгөт болушту.

Полицияга желек таяктары менен кол салган митингчилер көздөн жаш агызуучу газ менен таркатылып, DHKP-C жактоочуларынын айрымдары суракка алынды.



Тектеш кабарлар