Эрдоган: «Түркиянын шантаж жана коркутууларга моюн сунбай турганы түшүнүлдү»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бештепе улуттук конгресс жана маданият борборунда өткөрүлгөн Мамлекеттик сыймык медалын тапшыруу аземинде сөз сүйлөдү.

1492555
Эрдоган: «Түркиянын шантаж жана коркутууларга моюн сунбай турганы түшүнүлдү»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук деңизде шантаж жана коркутууларга моюн сунбай турганынын тийиштүү тараптар тарабынан түшүнүлгөнүн айтты.

Эрдоган Бештепе улуттук конгресс жана маданият борборунда өткөрүлгөн Мамлекеттик сыймык медалын тапшыруу аземинде, «(Чыгыш Жер Ортолук деңизи) Коркутуу тили иштебей, Түркиянын шантаж, бандитизмге моюн сунбай турганыны тийиштүү тараптар тарабынан түшүнүлдү»,- деди.

Президент Эрдоган, «Биз Жер Ортолук деңиздин эң узун жээк тилкесине ээ болгон өлкөбүздүн өз жээгинде гана камалып калышына жол бербейбиз. (Чыгыш Жер Ортолук деңизи) Экинчи тараптын чагымчыл аракеттерине жана баладай жүрүм-турумуна карабастан, биз ар дайым туура жана улуу мамлекет болуу урматы менен иш алып бардык»,-деп айтты.

Эрдоган, Түркиянын терроризмге каршы күрөшүнө да токтолуп: «Биз улуттун биримдигине, ынтымагына кастык кылып төгүлгөн ар бир тамчы кан үчүн жооп беришин эселентип талап кылып жатабыз жана мындан ары дагы жасай беребиз. Тоолордогу кылмышкер үйүрлөрүнүн башын көтөрүшүнө жол бербегенибиздей эле, алардын шаардагы уландыларынын көбөйүшүнө да жол бербейбиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар