Эрдоган: «Түркия эми аймагында сөз ээси өлкөгө айланды»

Президент Эрдоган, 4 саатка созулган кабинет жыйналышынан кийин билдирүү жасады.

1486544
Эрдоган: «Түркия эми аймагында сөз ээси өлкөгө айланды»
Erdoğan.2.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган,Түркиянын эми аймагында сөз ээси өлкөгө айланганын айтты.

Президент Эрдоган, 4 саатка созулган кабинет жыйналышынан кийин билдирүү жасады.

Сөзүндө Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Эгейде күчөгөн чыңалууга токтолгон Эрдоган: «Чыгыш Жер Ортолук деңизде жана Эгейде тарыхтан сабак албастан Түркиянын укук жана мыйзамын тебелеп опузалоого аракет кылгандар акыры бир күнү бул чындыкты кабыл алат. Өз атуулдарынын коопсуздугун жана өнүгүүсүн коркунучка салганына карабай Түркиянын жолунан чыккандар үчүн ачык айтамын; учур келгенде чыгымын оор төлөп калышпаса экен деп тилеймин»,-деди.

Бириккен Улуттар Уюмунун платформасы баш болгон эл аралык эрежелерге ылайыктуу келишимдерге таянып жүргүзүлгөн иш-аракеттерге каршы көрсөтүлүп жаткан укуксуз жана мыйзамсыз аракеттерин өкүнүү менен байкап жаткандарын айткан Эрдоган: «Кипр, Сирия жана Ливияда сыноодон өтө албаган Европа өлкөлөрүнүн эч жок дегенде Чыгыш Жер Ортолук деңизде ылайыктуу позицияны көрсөтө ала турганын ойлоодобуз»,-деп айтты.

Президент, Түркиянын чек ара коопсуздугунда болгону сыяктуу Чыгыш Жер Ортолук деңиздеги укуктары темасында да соңуна чейин чечкиндүү жана активдүү саясат жүргүзүүнү уланта тургандарын кошумчалады.



Тектеш кабарлар