«Аксунгур» учкучсуз учуучу аппарат 49 саат учту

«Аксунгур» 59-сыноо учуусун ишке ашырды.

1484203
«Аксунгур» учкучсуз учуучу аппарат 49 саат учту

«Аксунгур» учкучсуз учуучу аппарат 49 саат учту.

Түрк авиация жана космостук өнөр жайынын (TUSAŞ) Твиттер баракчасынан жарыяланган билдирүүгө караганда, 59-сыноо учуусун ишке ашырган Аксунгурдун жалпы учуу мөөнөтү 230 саатка жетти. «Аксунгур» акыркы рейсинде 49 саат абада болду.

Бул жетишкендик, "49 саат абада болуп 59-сыноо учуусун аяктаган «Аксунгур» 20 миң фут бийиктикте биздин ай жылдыздуу желегибиздин сүрөтүн асманга тартты. Баардыгы мекен үчүн!" деген билдирүү менен бөлүшүлдү.

Орто бийиктикте жүк көтөрүмдүүлүгү жогору болгон эки моторлуу «Аксунгур», 40 миң фут бийиктикке чейинки узак мөөнөттүү тапшырмаларды аткарууга багытталган.

АНКА платформасында курулган бул аппарат кыска убакыттын ичинде жана арзан баада иштелип чыкты.



Тектеш кабарлар