Түркияда коронавирус менен күрөш уланууда
Бир сутканын ичинде 107 миң 927 тест жасалып, 1 миң 596 кишиде вирус аныкталды.
1483737
![Түркияда коронавирус менен күрөш уланууда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ea70/28f3/f21d/5f23a6c5297b1.jpg?time=1718725088)
Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.
Акыркы 24 саатта вирустан 45 киши көз жумду. Пандемия башталган март айынан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 6 миң 462 деп катталды.
Бир сутканын ичинде 107 миң 927 тест жасалып, 1 миң 596 кишиде вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 1947 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 246 миң 876га жогорулады.