Мустафа Шентоп менен Фуат Октайдын чыгыш Жер Ортолук деңиз тууралуу билдирүүсү

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп  Түркиянын эл аралык мыйзамга карата кургактыкта жана деңизде өзүнө таандык болгон бардык мыйзамдарын акырына чейин коргой тургандыгын айтты.

1481185
Мустафа Шентоп менен Фуат Октайдын чыгыш Жер Ортолук деңиз тууралуу билдирүүсү

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп  Түркиянын эл аралык мыйзамга карата кургактыкта жана деңизде өзүнө таандык болгон бардык мыйзамдарын акырына чейин коргой тургандыгын айтты.

Стамбулдагы бир ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн Мустафа Шентоп Грециянын өз мүмкүнчүлүгүнө, күчүнө карабастан Чыгыш Жер Ортолук деңизде баш  - аламандык жаратууга аракет кылган мамлекет экендигин айтты. Шентоп Чыгыш Жер Ортолук деңизде энергия булактарынын табылгандыгына байланыштуу кээ бир изилдөө жыйынтыктары ортого чыгары менен Жер Ортолук деңиз менен байланышы болгон жана болбогон бир топ мамлекеттин келе баштагандыгын билдирди.

Кипр Рум башкаруусу жана Грециянын провакациялары менен ортого чыккан бир көрүнүштүн бар экенин айткан Шентоп : «Биз Түркия Республикасы катары  кургактыгыбызда болсун, сууда болсун бизге таандык болгон эл аралык мыйзамга карата бардык мыйзам жана жоопкерчиликтерибизди акырына чейин коргойбуз жана иликтейбиз. Бир гана Түркия республикасынын эле эмес,  Түндүк Кипр Түрк Республикасы ээ болгон бардык мыйзамдарды, кызыкчылыктарды коргойбуз. Мындан эч ким шектенбесин»,- деди.

Вице  - президент Фуат Октай да Түркиянын мыйзам жана кызыкчылыктарын коргоодо эмне керек болсо аткарарын белгиледи.

Вице  - президент Фуат Октай соцтармактан берген маалыматында Европа Биримдигинин Чыгыш Жер Ортолук деңиз тууралуу мамилесин сынга алды.

Чыгыш Жер Ортолук деңизде Түркиянын өз чек арасынын ичинде аткарган иштери тууралуу Европа Биримдигинин бир тараптан диалогго чакырып, бир тараптан башка планда экендигин сынга алды. Октай : «Биз тынчтык жана дипломатия тилин мыкты билебиз бирок маселе Түркиянын мыйзам жана кызыкчылыктарын коргоого келгенде  эмне аткарылуусу керек болсо аткаруудан  тайбайбыз. Муну мыкты билгендердин башында да Франция менен Греция турат»,- деди.



Тектеш кабарлар