Германия Түркияга саякат эскертүүсүн жарым-жартылай алып салды

Германия Ковид-19дан улам 31-августка чейин Европа Биримдиги жана Шенген аймагынан тышкары 160 өлкөгө саякат эскертүүсүн киргизген болчу.

1467155
Германия Түркияга саякат эскертүүсүн жарым-жартылай алып салды

Германия коронавирустан (Ковид-19) улам Түркияга киргизген саякат эскертүүсүн Айдын, Анталия, Измир жана Мугла үчүн алып салды.

Германиянын Тышкы иштер министрлигинин сайтындагы билдирүүдө Айдын, Мугла, Измир жана Анталия үчүн саякат эскертүүсүнүн алынып салынгандыгы белгиленди.

Билдирүүдө, эс алуучулар Түркиядан Германияга кайтып барганга чейин 48 сааттын ичинде милдеттүү түрдө ПЦР тестинен өтөрү эскертилди.

Германия Ковид-19дан улам 31-августка чейин Европа Биримдиги жана Шенген аймагынан тышкары 160 өлкөгө саякат эскертүүсүн киргизген болчу.

Бул учурда маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Твиттердеги бөлүшүүсүндө: «Түркия катары "Коопсуз туризм сертификаты программасынын" негизинде германиялык конокторду тосуп алууга даярбыз»,- деп билдирди.



Тектеш кабарлар