Чавушоглу МИКТА жыйынына катышты

Чавушоглу видеоконференция аркылуу уюштурулган жыйын тууралуу Твиттерден маалымат бөлүштү.

1456922
Чавушоглу МИКТА жыйынына катышты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия, Индонезия, Түштүк Корея, Мексика жана Австралия түзгөн МИКТА тобунун 17-министрлер жыйынына катышты.

Чавушоглу видеоконференция аркылуу уюштурулган жыйын тууралуу Твиттерден маалымат бөлүшүп: «Жыйында биз коронавирустун жаңы түрүнөн келип чыккан сыноолор менен канткенде натыйжалуу күрөшө аларыбызды жана калыбына келтирүү мезгилинде МИКТАны андан ары кантип жылдырсак болорун талкууладык» деди.

Жыйынга Индонезиянын тышкы иштер министри Ретно Марсуди, Түштүк Кореянын тышкы иштер министри Канг Кеунг-Ва, Мексиканын тышкы иштер министри Марсело Эбрард жана Австралиянын тышкы иштер министри Марис Пейн катышты.



Тектеш кабарлар