Акар: "Армения кылган кылмышы үчүн сөзсүз жооп берет"

Акар Армениянын Азербайжан армиясына карай кол салуулары күн тартибинде турган мезгилде Коргоо министринин орун басары жана аба күчтөрүнүн командачысы Рамиз Тахировду жана аны коштогон делегацияны Улуттук Коргоо министрлигинде кабыл алды.

1456501
Акар: "Армения кылган кылмышы үчүн сөзсүз жооп берет"

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар Армениянын Азербайжанга кол салуусун айып, «Алар ачкан шыпыргычтын астында калышат, бул тузагында муунуп калышат жана алар кылган кылмышы үчүн сөзсүз жооп беришет»,- деди.

Акар Армениянын Азербайжан армиясына карай кол салуулары күн тартибинде турган мезгилде Коргоо министринин орун басары жана аба күчтөрүнүн командачысы Рамиз Тахировду жана аны коштогон делегацияны Улуттук Коргоо министрлигинде кабыл алды.

 Башкы штабдын командири, армия генералы Яшар Гүлер, кургактык күчтөрүнүн командири, армия генералы Үмит Дүндар, аба күчтөрүнүн командири, армия генералы Хасан Күчүкайүз жана деңиз күчтөрүнүн командири армия адмиралы Аднан Өзбал катышкан жыйындын башында Акар сөз сүйлөдү. Акар, кол салуулардан кийин дароо президент Режеп Таййип Эрдогандын Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен, өзүнүн болсо Азербайжандын коргоо министри Закир Хасанов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жана окуяларды кылдаттык менен байкаганын айтты.

Болуп өткөн окуяга байланыштуу эмне кылуу керек болсо жасала турганын айткан Акар: «Биз Азербайжандын Товуз аймагына болгон кол салууну кескин айыптайбыз. Азербайжан түркүнүн азабы биздин азабыбыз. Сиздин башыңыздан өткөргөн бардык кыйынчылыктар ушул жерде терең сезилгенин билишиңизди каалайм»,- деди.

Чек арасынын жана элинин коопсуздугу үчүн күрөшүп шейит кеткен Азербайжан Куралдуу күчтөрүнүн баатыр мүчөлөрүнүн жаткан жерлери жайлуу болушун жана жарадарлардын тезинен сакайып кетишин тилеген Акар: «Биз азербайжан бир туугандарыбыздын азасын тең бөлүшөбүз. Алардын каны жерде калбай тургандыгына бекем ишенебиз. Биз ар бир платформада Тоолуу Карабактын оккупациясын эч кандай юридикалык себеп жана легитимсиз кабыл албайбыз деп айтканбыз. Бул темада Азербайжан туугандарыбыздын, жигит адамдардын бардык күрөшүндө аларды колдой турганыбызды Урматтуу Президентибиз баш болуп Түркиядагы аскер, жаран дебестен ар ким айтып, биздин элибиз ушул сезимди жана ой-жүгүртүүнү бөлүшүүдө. Биз "бир улут эки мамлекет" экендигибизге чын жүрөктөн ишенебиз»,-деп айтты.

Биздин тилибиз, динибиз, тарыхыбыз, түшүнүгүбүз бир жана бирдикте. Биз кайгы жана кубануубузда да биргебиз. Биринчи учурдан тартып биздин Президент айткандай, бул чындыгында армяндардын дараметинен ашып түшкөн аракет. Ошондой эле алар ачкан шыпыргычтын астында калышат, бул тузагында муунуп калышат жана алар кылган кылмышы үчүн сөзсүз жооп беришет»,- деди.

Түркия менен Азербайжандын достугу, бир туугандык, биримдик жана ынтымагынын абдан маанилүү экендигин баса белгилеген министр Акар: «Азербайжандык туугандарыбызга карай кол салууларга биз буга чейин кандай каршы турсак мындан кийин дагы уланат. Азербайжандык туугандарыбыз менен бир жана биргебиз,  алардын азабын жүрөгүбүздө сезебиз, биз Түркия мамлекети катары, Түрк  Куралдуу күчтөрү катары  эмне кылыш керек болсо. Биз мындан ары да жасай беребиз. Эч ким буга күмөн санабашы керек»,-деп  баа берди.



Тектеш кабарлар