Түркия мотоцикл федерациясынан 15 - Июлду эскерүү

Мотоцикл айдоочулары Стамбулда 15 - Июль шейиттер көпүрөсүндө чогулуп Анкарага карай жолго чыгышты.

1455382
Түркия мотоцикл федерациясынан 15 -  Июлду эскерүү

Түркия мотоцикл федерациясы тарабынан уюштурулган «15 – Июль Демократия жана Улуттук Биримдик Күнү үчүн айдоо» Стамбулдан башталды.

Мотоцикл сүйүүчүлөрү 15 -  Июль шейиттер көпүрөсүндө чогулушуп, бул жерден конвой болуп Анкарага карай чыгышты.

Түркия убактысы боюнча саат 06:00дө башталган «15 -  Июль Демократия жана Улуттук Биримдик үчүн айдоонун» негизинде мотоцикл айдоочулары Кожаели, Сакария, Дүзже жана Болудан өтүп Анкарада  Атайын күчтөр командирлигинин алдындагы эскерүү аземине катышат.

Анкарадагы аземден кийин конвой Шейит Өмер Халисдемирдин Нигде облусунда Бор районундгы кабырына карай жолго чыгат.

 

 



Тектеш кабарлар