Түркия Covid-19 менен күрөшүүсүн улантууда
Ооруканадан айыгып чыккан 1413 киши менен бирге ооруну жеңгендердин жалпы саны 170 595ке жогорулады.
1444952
![Түркия Covid-19 менен күрөшүүсүн улантууда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a82f/cd15/b035/5e92042954506.jpg?time=1718731837)
Түркиянын жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) менен күрөшү улантылууда.
Акыркы 24 сааттын ичинде вирустан 15 киши көз жумуп, жалпы каза болгондордун саны 5097 деп катталды.
Ошол эле убакыттын ичинде 48 309 тест жасалып, 1356 кишиде вирус аныкталды.
Ооруканадан айыгып чыккан 1413 киши менен бирге ооруну жеңгендердин жалпы саны 170 595ке жогорулады.