Лавров:«Ливия темасында Түркия менен сүйлөшүүдөбүз»

Сергей Лавров, Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф менен борбор шаар Москвада министрликте жолуккан соң биргелешкен маалымат жыйын өткөрдү.

1437261
Лавров:«Ливия темасында Түркия менен сүйлөшүүдөбүз»

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Түркия менен Орусиянын Ливияда тараптардын сүйлөшүү үстөлүнө отурушу үчүн аракеттенип жатышкандарын билдирди.

Сергей Лавров, Ирандын тышкы иштер министри Жевад Зариф менен борбор шаар Москвада министрликте жолукту.

Жолугушуудан кийин уюштурулган биргелешкен маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Лавров, АКШнын Иран ядролук келишиминин катышуучуларынын Иранга болгон жоопкерчиликтерин орундатууларына тоскоол болууга жана Иранды жазаландырууга аракет кылганын айтты.

Лавров, бул аракеттин эл аралык укук эрежелери жагынан туура болбогонун баса белгиледи.

Сирия маселеси тууралуу астана форматында Тегеранда үчтүк лидерлер саммити өткөрүлүшү темасында макулдашкандарын түшүндүргөн Лавров, азырынча бул темада жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын себебинен кандайдыр бир күн белгиленбегенин маалымдады.

Ливиядагы кагылышуунун бардык тараптары менен сүйлөшүлүшү керектигин жактаган Лавров, үстөлдө жасалма алдын ала шарттар болбостон сүйлөшүүлөрдүн камсыздалышы жана келишимге жетишилиши керектигин кеп кылды.

Лавров, Ливия маселеси тууралуу натыйжа чыкпаган бир топ келишим жана конференция өткөрүлгөнүнө көңүл буруп, Берлин конференциясынын катышуучуларынын бул тажрыйбаны эске ала тургандарын ойлогонун белгиледи.

Лавров: «Артка калган жалгыз нерсе Ливияда тараптарды сүйлөшүү үстөлүнө отургузуу жана келише баштоого көндүрүү. Биз, түрк өнөктөштөрүбүз менен сүйлөшүп муну менен алкетенүүдөбүз»,-деп айтты.

Ирандын тышкы иштер министри Зариф болсо Түркия, Иран жана Россиянын Астана форматында онлайн лидерлер саммитин уюштура турганын белгилеп, мунун августка чейин ишке аша турганын кеп кылды.

Зариф, Ливия маселеси тууралуу да, «Түркия жана Орусия, Ливиядагы кагылышууларды соңуна чыгарыш үчүн аракет кылууда. Биз бул аракеттерди колдойбуз. Ливиядагы мыйзамдуу башкаруунун ушундай түрдө Ливия калкына тынчтык алып келе турганын ойлоодобуз»,деген серебин салды.



Тектеш кабарлар