АК Партия Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугундагы мечитке кол салууну айыптады
Өмер Челик, Лимасолдо мечитке болгон мыкаачылык кол салуу туурасында маалымат берди.
![АК Партия Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугундагы мечитке кол салууну айыптады](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/4fe5/e12f/07b9/5e5f47e6d038f.jpg?time=1718967112)
Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик, Түштүк Кипр Рум Башкаруучулугунда Лимасол шаарында орун алган «Көпрүлү Хажы Байрам Ага» мечитинин өрттөлүүгө аракет кылынышын катуу айыптагандарын билдирди.
Өмер Челик, Лимасолдо мечитке болгон мыкаачылык кол салуу туурасында маалымат берди.
Мечиттин өрттөлүүгө аракет кылынышын катуу айыптагандарын белгилеген Челик: «Рум Башкаруучулугу, Ислам душманы фашисттерге каршы чара көрүшү керек. Ислам душмандыгына үгүттөгөн саясат жана медиа тили менен күрөшүлүшү керек. Рум башкаруучулугу кылмышкерлерди тез арада кармашы керек»,-деп айтты.
«Көпрүлү Хажы Байрам Ага» мечитине кечээ түнү ким экендиги белгисиз кишилер тарабынан 3 күйүүчү зат ыргытылып, мечиттин дубалына да мигрант жана Исламга каршы сөздөр жазылган.
Тектеш кабарлар
![Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/2c2c/2e17/7c21/667433d0d3b4a.jpg?time=1718967112)
Министр Шимшек экономика саясатында чоң жылыш болгонун айтты
Мехмет Шимшек Британияда Chatham House уюштурган конференцияда сөз сүйлөдү.