Эрдоган: «Коронавирус менен күрөш ийгиликтүү уланып жатат»

Президент Эрдоган Твиттерден Ковид-19 менен күрөшүүгө байланыштуу билдирүү бөлүштү.

1415516
Эрдоган: «Коронавирус менен күрөш ийгиликтүү уланып жатат»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркияда коронавирус менен күрөшүүнүн ийгиликтүү уланып жатканын белгиледи.

Президент Эрдоган Твиттер баракчасынан Ковид-19 менен күрөшүү жөнүндө билдирүү бөлүштү.

Эрдоган бөлүшүүсүндө: «Биз глобалдык коронавирус пандемиясына каршы 83 миллион адам менен бирге жүргүзгөн күрөштү ийгиликтүү улантып жатабыз. Саламаттык сактоо тармагына болгон сезимталдуулугубузга доо кетирбестен, улутубузду жана мамлекетибизди өнүктүрүүгө, өркүндөтүүгө жана бекемдөөгө чечкиндүүбүз»,-деди.

Эрдоган билдирүүсүндө Президенттик кабинеттин жыйынында кабыл алынган чечимдер жана колдоолорду чагылдырган көрүнүштү да бөлүштү.



Тектеш кабарлар