Улуттук коргоо министри Хулуси Акар террор менен күрөшүү тууралуу маалымат берди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар 1 -  январдан бери 1359 террористтин жок кылынгандыгын билдирди.

1413944
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар террор менен күрөшүү тууралуу маалымат берди

 Улуттук коргоо министри Хулуси Акар 1 -  январдан бери 1359 террористтин жок кылынгандыгын билдирди.

Хулиси Акардын башчылыгында Яшар Гүлер, күч командирлери жана министр орун басарлары катышкан жыйында министрликтин аткарган иштери каралды.

Акар бир тараптан  жаңы коронавирус эпидемиясы менен күрөш улантылып жатканда бир тараптан да түрк куралдуу күчтөрүнүн террор менен күрөшүнүн негизиндеги кыймылдарынын улантылып жатканын белгиледи.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн 5 операция аймагында аткарган иштеринин ошол эле темп менен улантылып жатканын айткан Акар террористтер менен күрөштүн чечкиндүүлүк менен жүргүзүлүп жатканын билдирди. Акар : «Кечээ жүргүзүлгөн операцияларда  түрдүү аймактардагы 17 террорист жок кылынды. 1 -  январдан бери операция аймактарында жок кылынган террорист саны 1359 болду. Мехметчигибиз вирус жана террористтерге каршы каармандык менен милдетин аткарып жатат»,- деди.



Тектеш кабарлар