Түркиялык атактуулар БУУ менен ДСУга колдоо көрсөтүшүүдө
Бул туурасында ДСУнун Европадагы аймактык бюросу билдирди.
![Түркиялык атактуулар БУУ менен ДСУга колдоо көрсөтүшүүдө](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/1139/1181/3f28/5eb51ad4ab40e.jpg?time=1718500454)
Түркиядан айрым ырчы жана оюнчулар коронавирус пандемиясына байланыштуу маалыматтардын таратылышында Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) менен Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) колдоо көрсөтүшүүдө.
ДСУнун Европадагы аймактык бюросунун билдирүүсүндө, Ковид-19 маалыматтарын кенен аудиторияга жеткирүү үчүн Түркиянын кээ бир атактуулары БУУ жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна колдоо көрсөтүп жаткандары белгиленди.
Билдирүүдө бул адамдардын өздөрүнүн социалдык медиа аккаунттарынан түз эфир аркылуу жолдоочуларына пандемия жөнүндө маалымат бергендери айтылды.
Актриса Туба Бүйүкүстүн түз эфирде ДСУнун коомдук саламаттыкты сактоо кызматкери Бахадыр Сужаклы менен Ковид-19га каршы сунуштарын сүйлөшкөн түз эфирди болжол менен 35 миң адам көргөн.
Оюнчу Мерт Фырат да өзүнүн жолдоочуларына Ковид-19 жөнүндө туура маалыматтын маанилүүлүгү жөнүндө айтып бергендиги билдирилди.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/888d/9070/c1aa/666d4c619aedd.jpg?time=1718500455)
Эрдоган Курман айт майрамы менен куттуктады
Эрдоган Курман айт майрамына карата видео кайрылуу жарыялады.
![Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/b784/abba/cbc3/666d48ce9841e.jpg?time=1718500455)
Измир жакындарында мыйзамсыз мигранттар куткарылды
Мыйзамсыз мигранттар процедуралардан кийин облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлдү.