Түрк куралдуу күчтөрүнүн террорго каршы операциясы

Жүргүзүлгөн операцияларда Адыяманда 3, Иракта 4 террорист жок кылынды.

1412541
Түрк куралдуу күчтөрүнүн  террорго каршы операциясы

Адыяман элетинде жүргүзүлгөн операцияда ПКК жикчил террордук уюмдун 3 террористти жок кылынды.

Ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта ички коопсуздук операцияларынын негизинде облустук жандармерия командирилигинин атайын бөлүктөрү тарабынан Адыяман элетинде абадан колдоо көрсөтүлгөн операцияда 3 террористтин жок кылынгандыгы белгиленди.

Маалыматта аймактагы операциялардын улантылып жаткандыгы билдирилди.

Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта да Ирактын түндүгүндөгү Хакрук, Зап жана Хафтанин аймактарына карата жүргүзүлгөн аба операциясында ПККнын 4 террористтинин жок кылынгандыгы маалымдалды. 

Бир тараптан Улуттук коргоо министрлиги Сирияда "Тынчтык булагы" аймагында кол салуу үчүн даярданган ПКК/ЙПГ террористтерине таандык ок  - дарыны колго түшүргөндүгүн жарыялады. 

 

 

 



Тектеш кабарлар