Түрк аба жолдору учууну пландаштыруу долбоорун даярдады

Ички рейстерди июнь айында баштоону максаттаган Түрк аба жолдору, эл аралык учууларды болсо акырындык менен уюштурат.

1411747
Түрк аба жолдору учууну пландаштыруу долбоорун даярдады

Коронавирус пандемиясынын себебинен ички жана эл аралык учууларды токтоткон Түрк аба жолдору июнь, июль жана август айларын камтыган учууну пландаштыруу долбоорун даярдады.

Түрк аба жолдору пандемияга байланыштуу ички каттамдарын 20-майга чейин, эл аралык каттамдарын болсо 28-майга чейин токтотууну чечкен болчу.

Ички рейстерди июнь айында баштоону максаттаган Түрк аба жолдору, эл аралык учууларды болсо акырындык менен уюштурат.

Үч айлык учуу планына караганда, июнь айында 22 пунктта 19 өлкөгө жумасына 75 учуу ишке ашат.

Канадада Торонто, Казакстанда Алматы, Афганстанда Кабул, Японияда Токио, Кытайда Шанхай, Түштүк Кореяда Сеул, Сингапур, Данияда Копенгаген, Швецияда Стокгольм, Норвегияда Осло, Германияда Франкфурт, Берлин, Дюссельдорф жана Мюнхен, Австрияда Вена, Нидерландияда Амстердам, Бельгияда Брюссель, Белоруссияда Минск, Грузияда Тбилиси, Ливанда Бейрут, Кувейт жана Израилде Тель-Авив каттамдары жүргүзүлөт.

Июнь айында бардык ички каттамдардын улантылышы көздөлүүдө. Түрк аба жолдору рейстерин июль жана август айларында көбөйтүүнү максаттап жатат. Түрк аба жолдору 74 өлкө жана 103 пункта жумасына 572 рейс, август айында болсо 98 өлкөдөгү 160 пункта 937 учуу рейсин пландаштырууда.



Тектеш кабарлар