Эрдоган:«Пандемия тилдерибиз, диндерибиз ар башка болсо дагы тагдырыбыздын орток экенин эске салды»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын жол башчылыгында өткөн «Коронавирус глобалдык жооп эл аралык жоопкерчилик иш-чарасына»  видео билдирүү жөнөттү.

1410627
Эрдоган:«Пандемия тилдерибиз, диндерибиз ар башка болсо дагы тагдырыбыздын орток экенин эске салды»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын жол башчылыгында өткөн «Коронавирус боюнча глобалдык жооп эл аралык жоопкерчилик» иш-чарасына  видео билдирүү жөнөтүп, «Бул пандемия, тилдерибиз, диндерибиз башкача болсо дагы тагдырыбыздын орток экенин эске салды. Ушул түшүнүк менен 57 өлкөгө медициналык каражат жардамын камсыздадык»,-деп айтты.

Кабинет жыйналышынан улам бул жыйналышка катыша албагандыгын белгилеген Эрдоган: «Ал эми бул темага берген маанинин алкагында сиздерге бул видео аркылуу кайрылуу мүмкүнчүлүгүм болгондуктан кубанычтамын»,-деп баштады.

Пандемияда каза болгон жарандар үчүн көңүл айтып, дарылануусу улангандардын тез сакайып кетишин тилеген Эрдоган: «Ушул убакка дейре оорукана шаарчаларына болгон инвестициялар, пандемия менен күрөшүүдө бизге абдан маанилүү мүмүнчүлүктөрдү камсыздады. Саламаттык сактоо системабыз жана инфраструктура инвестицияларыбыз күчтүү болгонуна карабастан, Стамбулда 3 башка жерде 2 миң 100 орундуктуу ар түрдүү жабдууга ээ болгон жаңы эпидемиологиялык ооруканаларынын курулушун баштадык. Бул ооруканаларды 3 аптанын ичинде бүтүрүп, тейлөөгө киргизебиз»,-деп айтты.

Президент Эрдоган, коронавирус пандемиясынын бир гана саламаттык сактоо кризиси болуудан чыгып саясий, экономикалык жана социалдык жактары менен окшошу болбогон глобалдык сыноого айланганын белгилеп: «Бул пандемия бизге, тилдерибиз, диндерибиз ар башка болсо дагы тагдырыбыздын орток экенин эске салды. Түркия катары бул түшүнүкккө жараша ушул убакка дейре 57 өлкөгө медициналык каражат колдоосун камсыздадык. Бет каптан тартып дем алуу аппаратына чейин бул процессте муктаждык болгон орчундуу саламаттык сактоо каражаттарынын камсыздалышында дагы ишеничтүү өнөктөш болуубузду улантуудабыз. Мүмкүнчүлүктөрүбүз менен бирге өлкөбүздүн вирус менен күрөшүүдөгү тажрыйбаларын дагы досторубуз менен бөлүшүүдөбүз»,-деди.

Вирустун жок кылынышы үчүн эң таасирдүү инструменттин вакцина экендиги түшүнүктүү болгонун айткан Эрдоган: «Улуттук иш-аракеттерибиз менен катар диагноз, дарылоо жана вакцина чыгарылышы жөнүндөгү глобалдык иш-аракеттерди дагы колдойбуз. 26-мартта кабыл алынган Чоң жыйырмалыктын декларациясында вакциянанын ылдам түрдө жасалып чыгышы үчүн каражат камсыздоо убадасын бергенбиз. Бүгүнкү «Коронавирус боюнча дүйнөлүк жооп эл аралык жоопкерчилик» иш-чарасына катышууну мына ошондуктан милдетибиз деп билдик. Эмгектенүүлөрдө керексиз кайталоо жана бюрократиянын алдын алуу максатыбызга жетүүбүздү жеңилдетет. Ковид-19 вакциянасы бүткүл адамзаттын орток мүлкү болушу керек. Ушул жагынан алганда чыгарыла турган вакцинага глобалдык жетүүнүн кепилдикке алынышы жана «эч кимдин артка калтырылбашы» принцибинин кылдат ишке ашырылышы абдан маанилүү. Вакцина өнүктүрүү аракеттерине карай материалдык салымыбызды белгилеп жатканда ушул жагдайлардын бардыгын эске алабыз. Баа берүүлөрдүн артынан белгилей турган сумманы болсо 23-майга чейин жарыялайбыз»,-деди.

Президент Эрдоган, сөздөрүнүн аягында иш-чаранын максатына жетип дүйнөгө пайдалуу болушун тилөө менен эмгеги өткөн бардык мекеме, уюм жана бөлүшүүлөргө ырахмат айтты.

Англисче субтитрлүү түрдө жарыяланган видео бөлүшүүсүндө жаңы ачылган оорукана шаарчалары жана курулушу уланып жаткан эпидемиологиялык ооруканалардын видеолоруна дагы орун берилди.



Тектеш кабарлар