Тышкы иштер министри башкы консулдар менен видеоконференция өткөрдү

Мевлүт Чавушоглу башкы консулдуктар менен жаңы тип коронавирустун таасири жана түрк жарандарынын абалына байланыштуу видеоконференция жыйынын өткөрдү.

1408970
Тышкы иштер министри башкы консулдар менен видеоконференция өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Түндүк жана Түштүк Америка өлкөлөрүндө кызмат кылган башкы консулдуктар менен жаңы тип коронавирустун таасири жана түрк жарандарынын абалына байланыштуу видеоконференция жыйынын өткөрдү.

Министр Чавушоглу твиттерден  «Биргеликте жеңебиз» деген темада берген маалыматында : «Элчилерибиз менен өткөргөн сүйлөшүүдөн кийин башкы консулдарыбыз менен жыйынды баштадык. Түндүк жана Түштүк Америка өлкөлөрүндөгү башкы консулдуктарыбыз менен видеоконференция аркылуу Ковид  - 19дун аймактагы таасири жана жарандарыбыздын абалы тууралуу маалымат алдык»,- деди.



Тектеш кабарлар