Президент Эрдоган ТРТны куттуктады

Президент Р. Т. Эрдоган ТРТнын түзүлгөнүнө байланыштуу ТРТ башкаруу кеңешинин төрагасы жана башкы директору Ибрахим Эренге куттуктоо жиберди

1409026
Президент Эрдоган ТРТны куттуктады

Президент Р. Т. Эрдоган ТРТнын түзүлгөнүнө байланыштуу ТРТ башкаруу кеңешинин төрагасы жана башкы директору Ибрахим Эренге куттуктоо жиберди.

Эрдоган куттуктоосунда : «Ишенимдүү, туура, тарапсыз жана элдин күтүүлөрүн камсыз кылуу аң – сезими менен кызмат кылган Түркия радио жана телекөрсөтүү мекемесинин курулушун куттуктаймын»,- деди.

Эрдоган ТРТнын жооптуу жана принциптүү журналистикасы менен коомдук уктуруу жаатындагы мектеп экендигин жана билим берүү, маданият, искусство жана спорт жаатындагы берүүлөрү менен коомдук өнүгүүгө чоң салымын кошконун айтты.

ТРТнын жаңы каналдары менен жана көп тилдүү уктуруулары менен сыймыктандыруучу эмгектерге кол койгондугун белгилеген Эрдоган ТРТнын Түркиянын үнүн бүткүл дүйнөгө угузууну уланткандыгын баса белгиледи.

Эрдоган радио жана телекөрсөтүү тармагындагы өнүгүүнүн жол башчысы болгон ТРТнын бардык кызматкерлерин куттуктады.

 



Тектеш кабарлар