Түрк жылдыздарынан 23-Апрелге карата арноо...
Аба күчтөрү командирлигинин Кониядагы 3-Башкы реактив командирлигинде жайгашкан акробатика тобу Түрк жылдыздары тарабынан даярдалган атайын көрсөтүүнүн видеосу социалдык медиа барагынан бөлүшүлдү.
Түрк жылдыздары Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) негизделишинин 100 жылдыгы жана 23-апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар Майрамынан улам атайын көрсөтүүсүн ишке ашырды.
Аба күчтөрү командирлигинин Кониядагы 3-Башкы реактив командирлигинде жайгашкан акробатика тобу Түрк жылдыздары тарабынан даярдалган атайын көрсөтүүнүн видеосу социалдык медиа барагынан бөлүшүлдү.
Бөлүшүүдө Мустафа Кемал Ататүрктүн «Кичинекей айымдар, кичинекей мырзалар!Сиздер бардыгыңыздар келечектин гүлү, жылдызы жана жарык нурусуздар. Мамлекетти чындап гүлдөтө турган сиздерсиздер»,-деген сөздөрүнө орун берди.
«Бул атайын видеобуз менен Парламентибиздин ачылышынын 100 жылдыгын жана бардык балдардын 23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар Майрамын куттуктайбыз»,деген сөздөр орун алган бөлүшүүсүндө Түрк жылдыздарынын көрсөтүүлөрүнөн турган 9 мүнөт 43 секунддук видеосуна орун берилди.
Видеонун акыркы бөлүмүндө «Бул көрсөтүүнү бүгүнкү күндүн кичинекейи, эртеңкинин улуусу, келечектеги дени сак күндөрүбүз үчүн үйлөрүндө олтурган сүйүктүү балдарыбыз үчүн учтук. Сүйүктүү балдар 23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар Майрамыныңыздар куттуу болсун»,делди.