Мостар көпүрөсү түрк желегинин түсү менен жарыктандырылды
Мостар көпүрөсүнө Түркия Улуу Улуттук Парламентинин ачылышынын 100 жылдыгынан улам түрк байрагы чагылдырылды.
![Мостар көпүрөсү түрк желегинин түсү менен жарыктандырылды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/9845/6af2/14f4/5e9fe38b1f5f3.jpg?time=1718795292)
Босния Герцеговинанын негизги символдорунун бирөөсү болгон Мостар көпүрөсүнө Түркия Улуу Улуттук Парламентинин ачылышынын 100 жылдыгынан улам түрк байрагы чагылдырылды.
Түркиянын Мостар башкы консулдугунун твиттерден берген маалыматында тарыхый көпүрөрүнүн фотографиясы менен бирге "Түркия Улуу Улуттук Парламентинин 100 жылын кубанычтуу майрамдайлы",- деп жазылды.
Мостар көпүрөсүнүн түрк желектүү фотографиясын тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран да : "Мостар көпүрөсү ыраазы. Мостар көпүрөсү эч болбогондой тайманбас жана каарман! Ал үстүндө басып жүргөндөрдүн эч качан туткун болбогон, каарман эл экенин билген. Бүгүн Мостар көпүрөсү ай жылдызыбыз менен бир башка!",- деп жазды.
Мостар шаарынын руху деп билинген көпүрө Босниядагы согуш маалында хорват артиллериялык бөлүктөрдүн атууларына чыдабай 1993 - жылы 9 - ноябрда кулаган. Түркиянын да демилгеси менен негизине ылайыкташтырылып кайрадан курулган көпүрө 2004 - жылы кайрадан ачылды.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718795292)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.