Түркия чет өлкөдөгү жарандарын алып келет

Чавушоглу чет өлкөдөгү түрк жарандарынын өлкөгө алып келинишине байланыштуу Твиттерден маалымат бөлүштү.

1398620
Түркия чет өлкөдөгү жарандарын алып келет

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, жаңы типтеги коронавирус пандемиясынын себебинен чет өлкөдөн келе албай калган түрктөрдүн эң кыска мөөнөттүн ичинде өлкөгө алып келине тургандыгын билдирди.

Чавушоглу чет өлкөдөгү түрк жарандарынын өлкөгө алып келинишине байланыштуу Твиттерден маалымат бөлүштү.

Бүгүнкү күнгө чейин чет өлкөдө убактылуу жашап жаткан жана кайтып келгиси келген 25 миң жаранды 70 өлкөдөн Түркияга алып келип карантинге алгандарын белгилеген Чавушоглу мындай улантты: «Президентибиздин (Режеп Таййип Эрдоган) буйругу менен убактылуу чет өлкөдө жүргөн жана кайтып келүү үчүн кайрылган жарандарыбызды карантин шарттарына даярдап буюрса эң кыска мөөнөттүн ичинде өлкөбүзгө алып келебиз».



Тектеш кабарлар