Президент Р. Т. Эрдоган чоң жыйырмалар саммитине видео конференция аркылуу катышты

Саммит 2 саат 15 мтнутага созулду.

1385772
Президент Р. Т. Эрдоган чоң жыйырмалар саммитине видео конференция аркылуу катышты

Президент Р. Т. Эрдоган жаңы тип коронавирус күн тартиби менен чогулган чоң жыйырмалардын атайын саммитине видеоконференция аркылуу катышты.

Эрдоган саммитке  Стамбулда  Хубер сарайынан катышты.

2 саат 15 минутага созулган саммитте төмөнкүчө чечим чыкты :

  • Муктаж болгон бардык өлкөлөргө жардам берилет жана коомдун саламаттыгы менен финансылык чаралар тууралуу координация түзүлөт.
  • Эпидемияны көзөмөлгө алуу үчүн керектүү бардык медициналык чараларды көрүү менен жетерлик каржылоо изделет.
  • Чоң жыйырмалар коронавирус эпидемиясы менен күрөшүү үчүн эмне керек болсо аткарат.

Саммитте Эрдоганды тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, казына министри Берат Албайрак, коммуникация боюнча башкармалыктын төрагасы Фахреттин Алтун, президенттиктин катчысы Ибрахим Калын жана чоң жыйырмалардын Түркия атайын өкүлү Хайреттин Демиржан коштоду.

Чоң жыйырмалар Түркия менен бирге Германия, АКШ, Аргентина, Австралия, Бразилия, Кытай, Индонезия, Франция, Түштүк Африка, Түштүк Корея, Индия, Британия, Италия, Япония, Канада, Мексика, Россия, Сауд Арабия,Европа Биримдиги Комиссиясынан турат.



Тектеш кабарлар