Президент Эрдоган саламаттык сактоо кызматкерлерине ыракмат айтты

Эрдоган : «Коронавирус менен күрөштө сабырдуулук менен кызмат кылган саламаттык сактоо кызматкерлерибизге ыраазычылык билдирем".

1381749
Президент Эрдоган саламаттык сактоо кызматкерлерине ыракмат айтты

Президент Р. Т. Эрдоган жаңы тип коронавирус менен күрөштө кызмат кылган саламаттык сактоо кызматкерлерине ыракмат айтты.

Президент Эрдоган твиттерден берген маалыматында : «Коронавирус менен күрөштө сабырдуулук менен кызмат кылган саламаттык сактоо кызматкерлерибизге ыраазычылык билдирем. Алланын жардамы, элибиздин колдоосу менен бул процесстен да күчтөнүү менен өтөбүз»,- деди.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожанын  эпидемиянын жайылышына тоскоол болуу үчүн кызмат кылган саламаттык сактоо кызматкерлерине карата колдоо чакыруусуна жооп келди.

Социалдык медиада колдоо кампаниясы баштатылып, саат 21де Түркия бир жүрөк болуп бирикти.

Миңдеген киши саламаттык сактоо кызматкерлери үчүн балконго чыгып кол чабышты.

Өкмөт мүчөлөрү, саясий партиялардын  өкүлдөрү да социалдык медиа эсептеринен колдоо беришти. Колдоодон кийин саламаттык сактоо министрлиги соцтармактан : «Саат 21:00дө кол чабуулар үчүн ыракмат Түркия» деген билдирүү берди.

«Саламаттык сактоо кызматкерлерине кол чабуулар менен күч бердин»,- деген министр  Фахреттин Кожа : «Эртең, андан кийинки күнү ушул саатта ыраазычылыгыбыздын үнү кайрадан угулсун»,- деди жана бири биринин артынан үч күн кол чабуулардын болушун суранды.

 

 

 



Тектеш кабарлар