Эрдоган менен Алиев телефон аркылуу сүйлөшүштү
Эки лидер кургактык жана аба жолу транспортунун убактылуу токтотулушуна чечим чыгарышты.
1378218
![Эрдоган менен Алиев телефон аркылуу сүйлөшүштү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/a74a/b921/190e/5ca1c1775f2a4.jpg?time=1718798939)
Түркия менен Азербайжандын ортосунда кургактык жана аба жолу транспорту убактылуу токтотулду.
Коммуникация башкармалыгынан берилген маалыматка караганда президент Р. Т. Эрдоган менен Азербайжандын президенти Илхам Алиев телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүүдө эки тараптуу карым - катнаштар менен аймактык маселелер каралды.
Эки лидер өзгөчө коронавируска каршы көрүлгөн чаралардын негизинде жүк ташуу тышында кургактык жана аба жолу транспортунун убактылуу токтотулушуна чечим чыгарышты.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718798939)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.