Эрдоган менен Путин Идлибди сүйлөштү
Эки лидер телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.
1377259
![Эрдоган менен Путин Идлибди сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/961a/3c2d/6637/5e614a29c10c8.jpg?time=1718739145)
Президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путин Сириянын Идлиб аймагына байланыштуу сүйлөшүү өткөрдү.
Кремлдин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Путин менен Эрдоган телефон аркылуу сүйлөштү.
Орусия менен Түркиянын ортосунда 5-мартта түзүлгөн макулдашуунун ишке ашырылышы темасы талкууланган сүйлөшүүдө эки лидердин Сириянын Идлиб аймагындагы чыңалуунун чоң өлчөмдө басаңдаганына көңүл бургандары кабарланды.
Ок атышпоонун туруктуу болушу жана тынчтыкты ортонуу максатында алгач Түркия менен Орусиянын коргоо министрлеринин негизинде жакын кызматташуунун улантылышынын маанилүү экендигине басым жасаган лидерлер, ар түрдүү деңгээлдерде диалогдун улантылышына чечим чыгарышты.