Түрк куралдуу күчтөрү Сириядагы буталарга операция жүргүзүүдө

Операциялар 17 күндөн бери уланып жатат.

1368107
Түрк куралдуу күчтөрү Сириядагы буталарга операция жүргүзүүдө

Түрк куралдуу күчтөрү тарабынан Сириянын Идлиб аймагында 17-февралдан бери уланып жаткан операцияларда 1 миң 709 режим аскери жок кылынды.

Маалыматка караганда ок атышпоону камсыздоо үчүн Идлиб аймагына барган Түрк куралдуу күчтөрү, 17 күндүн ичинде 1 миң 709 режим аскерин, 55 танка, 3 тик учар, 18 зооттолгон унаа, 29 пушка, 21 аскердик унаа, 4 дочка куралы, 6 ок-дары сактоочу кампа жана 7 снаряд огун жок кылды.



Тектеш кабарлар