Түрк-орус сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы бүгүн же эртең такталат

Улуттук коргоо министри маалымат берди.

1367778
Түрк-орус сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы бүгүн же эртең такталат

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Анкарага келген орус делегациясы менен өткөрүлгөн Сириянын Идлиб аймагына байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн белгилүү баскычка жеткенин белгиледи.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берген Хулуси Акар: «Сүйлөшүүлөр белгилүү баскычка келди. Бүгүн же эртең мунун жыйынтыктары такталат. Ошого жараша мамилебизди ортого салабыз»,-деп айтты.

Бүгүн кечинде АКШнын коргоо министри Марк Эспер менен телефон сүйлөшүүсүн өткөрө турганын билдирген министр Акар: «Идлиб темасында президентибиздин буйруктары ачык жана так. Куралдуу күчтөрү катары тез арада Идлибге тынчтыкты алып келүү үчүн аракет кылабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар