Түрк Кызылайы Йемендин жети шаарына жардам таркатууда

Жардам акциясынын алкагында 3 миң азык-түлүк салынган баштык менен 3 миң мектеп сумкасы таркатылат.

1343897
Түрк Кызылайы Йемендин жети шаарына жардам таркатууда

Түрк Кызылайы Йемен Кызылайы менен кызматташып 7 башка шаарда 3 миң азык-түлүк салынган баштык жана 3 миң мектеп сумкасын таркатууда.

Түрк кызылайынын Йемендеги өкүлү Аднан аль-Хаж, бул жардам акциясынын Дали шаарындагы Сенах аймагында кечээ башталганын белгилеп, 500 азык-түлүк салынган баштык менен жетим балдарга 500 мектеп сумкасы таркатылгандыгын билдирди.

Жардам акциясынын алкагында 3 миң азык-түлүк салынган баштык менен 3 миң мектеп сумкасынын таркатыла тургандыгын айткан Хаж, акциянын Дали, Аден, Лахич, Эбьен, Хадрамевт, Таиз жана Мариб шаарларын камтыганын кабарлады.

Дали губернаторунун орун басары Ияд Салих Түркиянын Йемен элине көрсөтүп жаткан колдоосунан улам ыраазычылык билдирди.



Тектеш кабарлар