Түрк аба жолдору менен Пегасустун Иран-Ирак каттамдары убактылуу токтоду

Бул эки авиакомпаниянын Ирак жана Ирандын аба мейкиндиктерин колдонбой тургандары кабарланды.

1337469
Түрк аба жолдору менен Пегасустун Иран-Ирак каттамдары убактылуу токтоду

Түрк аба жолдору, Иран менен АКШнын ортосундагы чыңалуунун себебинен Ирак жана Иранга жүргүзгөн пландаштырылган учак каттамдарын бүгүн Түркия убактысы боюнча саат 21.00ге чейин токтотууну чечти.

Pegasus аба жолдору дагы Иран менен Иракка жүргүзө турган пландаштырылган каттамдарын токтотконун билдирди.

Алынган маалыматка караганда бул эки авиакомпаниянын коопсуздуктан улам Ирак жана Ирандын аба мейкиндиктерин колдонбой тургандары кабарланды.



Тектеш кабарлар