Президент Эрдоган «Түрк агымы» газ кууру долбоору тууралуу Твиттерден маалымат берди

Эрдоган бөлүшүүсүндө кеңири маалымат берди.

1337627
Президент Эрдоган «Түрк агымы» газ кууру долбоору тууралуу Твиттерден маалымат берди

Президент Режеп Таййип Эрдоган, «Түрк агымы» газ кууру долбоорунун жаңы мезгилдин символдук иштеринин бири болоорун белгилеп: «Максатыбыз, өлкөбүздү дүйнөлүк энергетикалык борборлордун бирине айландыруу»,-деди.

Эрдоган социалдык медиа баракчасы Твиттерден, орус газын Түркияга жана Түркия аркылуу Европага жеткире турган «Түрк агымы» газ куурунун ачылышына байланыштуу маалымат берди.

Долбоордун картасын камтыган инфографиканы бөлүшкөн Эрдоган: «Орусиялык досторубуз менен чогуу чоң эмгек жумшалган, ошондой эле эки тараптуу алакалар жана энергетикалык карта жагынан тарыхый мүнөздөгү долбоор болуп саналат. Түркия катары акыркы жылдардагы инвестицияларыбыздын негизинде өзүбүз менен бирге аймагыбыз үчүн дагы ири көлөмдөгү газ менен камсыз кыла турган жана соода борборун түзө турган инфраструктурага ээ болдук»,-деди.

Башкача айтканда камсыздоо булактарынын ортого салынышы жана учурдагы резервдердин өнүктүрүлүшүнө карата кургактык жана деңизде көмүр суутегин издөө жана өндүрүштүк иш-аракеттерди жогорулатуу үчүн иштеп жаткандарын айткан Эрдоган: «Максатыбыз өлкөбүздү дүйнөлүк энергетикалык борборлордун бирине айландыруу. Колубуздагы потенциалды толук ишке киргизгенде пайда боло турчу кошумча нарктан баардык аймактын пайдаланаарына ишенебиз»,-деди.

Эрдоган бөлүшүүсүндө айрыкча долбоордун техникалык деталдары тууралуу да маалымат берди.



Тектеш кабарлар