«Кыран-8» операциясы башталды

Операцияда 232 десант жана 3 миң 480 аскердин кызмат өтөп жаткандыгы белгиленди.

1325365
«Кыран-8» операциясы башталды

Битлис менен Сииртте «Кыран-8 Сехи токойлору» операциясы башталды.  

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүндө, Битлис менен Сииртте жикчил террордук уюм ПККнын кышкы даярдыктарына бөгөт болуу жана аймакта баш калкалаганды белгиленген террористтерди жок кылуу максатында Сехи токойлорунда Вандын Жандармерия командирлиги тарабынан «Кыран-8» операциясынын башталгандыгы кабарланды.

Операцияда 232 десант жана 3 миң 480 аскердин кызмат өтөп жатканы белгиленди.

Өлкөнүн ичинде террорду толугу менен жок кылууга карата жүргүзүлгөн «Кыран» операцияларынын ийгиликтүү уланып жаткандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар