Эрдоган менен Путин жолугат

Путин Стамбулга келет.

1324841
Эрдоган менен Путин жолугат

 «Түрк агымы» газ куурунун январь айында ачылыш аземинин өткөрүлүшү пландалууда. Ушул алкакта Орусиянын президенти Путин Стамбулга келет. Путиндин Эрдоган менен жолугушуусунда Ливиянын да сүйлөшүлүүсү күтүлүүдө. 

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Ливия кризисин сүйлөшө тургандарын айтты.

Песков борбор шаар Москвада журналисттерге берген маалыматында, Орусия менен Түркиянын Сирия маселесин чечүү боюнча бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнүн эске салды.

Путин менен Эрдогандын Ливия маселесин да сүйлөшүүнү уланта тургандарын айткан Песков: «Албетте алдыдагы күндөрдө телефон же бетме-бет сүйлөшүүлөрдө Ливия маселеси сөзсүз каралат. Ливия маселеси да талкуулануусу керек»,-деди.

Песков Путиндин январь айында «Түрк агымы» газ кууру долбоорунун ачылышына катышуу үчүн Түркияга келе турганын эске салып: «Бул сапар, баардык актуалдуу маселелерди сүйлөшүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болот. Кандайдыр бир башка сапар же жолугушуу азырынча пландала элек бирок иш алып баруу программасы ылдам өзгөрүшү мүмкүн»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар