Эрдоган: «Качкындар маселеси бир канча өлкөнүн аракети менен чечиле албайт»

Президент Эрдоган Дүйнөлүк качкындар форумунда катышуучуларга кайрылды.

1324911
Эрдоган: «Качкындар маселеси бир канча өлкөнүн аракети менен чечиле албайт»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, качкындар маселесинин бир канча өлкөнүн аракеттери менен чечиле албай турганын айтты.

Президент Эрдоган БУУнун Женевадагы кеңсесинде өткөрүлгөн Дүйнөлүк качкындар форумунун биринчисинде катышуучуларга кайрылды.

Түркиянын миллиондогон качкынга каалгаларын ачканын эске салган Эрдоган: «Мүмкүнчүлүктөрү бизге салыштырмалуу дагы көп болгон өлкөлөр квоталарды киргизсе биз улут, дин, тил, этникалык теги деп бөлбөстөн ар кимге кучак жайдык. Качкындар маселесинин, бул адамдарга биз сыяктуу мамиле кылган бир канча өлкөнүн аракети менен чечиле албаары ачык-айкын»,-деди.

«Сириядан келип чыккан качкындар көйгөйүн чечүүнүн жолу, качкындардын биздин чек аралабыздын ичинде кармап турулушу катары эсептеле албайт»,- деп айткан Эрдоган, сезимдерди жаралаган бул маселенин туруктуу чечилүүсүнүн бир гана дүйнөлүк деңгээлде таштала турчу кадамдарга байланыштуу экенин белгиледи.

Сирияда тынчтыктын орношу үчүн кайра кайтуулардын маанисине басым жасаган Эрдоган: «Качкындарды өз жерлеринде кармай турчу, өлкөбүздө аларды да кайрадан мекенине кайтара турчу формулалар ишке киргизилиши керек. Сирияда туруктуу ырааттуулук жана нормалдашуунун камсыздалышында кайра кайтуулар, терроризмге каршы күрөшүү сыяктуу маанилүү»,-деди.

Сириялык качкындардын Түркия тарабынан коопсуз абалга алып келинген аймактарга кайтып баруусунун уланып жатканына көңүл бурган Эрдоган: «Өлкөбүз тарабынан коопсуз абалга алып келинген аймактарга ушул учурга чейин 371 миң сириялык өз ыктыяры менен кайтып барды. БУУнун Башкы ассамблеясында күн тартипке койгон долбоорубузду ишке ашыра алсак бул сандын биринчи баскычта 1 миллионго жете туганына ишенемин»,-деди.

 



Тектеш кабарлар