Эрдоган Женевага барып Глобалдык качкындар форумуна катышат

Президент Эрдоган, Глобалдык качкындар форумуна катышуу үчүн 16-17-декабрь күндөрүндө Женевага барат.

1323527
Эрдоган Женевага барып Глобалдык качкындар форумуна катышат

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Швейцариянын борбор шаары Женевада өтө турган Глобалдык качкындар форумуна катышат.

Президент Эрдоган, Глобалдык качкындар форумуна катышуу үчүн 16-17-декабрь күндөрүндө Женевага барат.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын кожоюндугунда өтө турган форумда Эрдоган, Коста-Рика, Пакистан, Эфиопия жана Германиянын мамлекеттик ишмерлери менен бирге төң төрагалык кылат.

Форумга көп сандаган өлкөнүн жогорку даражалуу өкүлдөрү менен катар жеке менчик сектор, эл аралык уюмдар менен жарандык коомдук уюмдар жана качкындар да катышат. Үлүштөштөрдүн форумда качкындарга жана кожоюн өлкөлөргө карай убадаларын билдирүүлөрү күтүлүүдө. Түркия жыйналыштарда убактылуу баш калкалаткан сириялыктарга карай үлгүлүү ишке ашырууларын дагы бир жолу күн тартипке алып чыгат.

Эрдоган, форумдун аклагында айрым мамлекет жана өкмөт башчылары менен дагы жолугушат.



Тектеш кабарлар