Эрдоган АКШны Инжирлик базасы боюнча эскертти

Президент Режеп Таййип Эрдоган,өткөн аптада АКШ Сенатынын 1915-жылдагы окуялар тууралуу чыгарган чечимине каршылык көрсөттү.

1323668
Эрдоган АКШны Инжирлик базасы боюнча эскертти

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШ Сенатынын 1915-жылдагы окуялар тууралуу чечимине алгач ирет пикирин билдирди.

Эрдоган, АКШнын эки тараптуу карым-катнаштарда оңдолушу мүмкүн болбогон кадамдарды таштабоосу керектигин баса белгилеп, Сенаттын чечиминин «саясий» болгонун айтты.

Президент Эрдоган, бир программага катышып өткөн аптада АКШ Сенатынын 1915-жылдагы окуяларды  «геноцид» деп тааныган жалган долбоорду кабыл алуусуна каршылык көрсөтүп, «Бул чыгарган чечимдердин эч кандай баасы, күчү жок. Анткени бул чечимдериңиз толугу менен саясий болуп саналат»,-деди.

Түркиянын керек болгон убакта санкция киргизе ала турганын айткан Эрдоган: «АКШнын карым-катнаштарыбызда оңдолушу мүмкүн болбогон кадамдарды таштабоосу эки тарап үчүн тең маанилүү болуп эсептелет. Орду келген убакта бардык делегациябыз менен отуруп сүйлөшөбүз, жабылышы керек болсо (Аданадагы) Инжирликти (Американын базасы) дагы жабабыз, (Малатиядагы) Күрежикти (НАТОнун коргонуу радар базасы) дагы жабабыз. Булар ушундай нерселерди кылып жатса биз бош карап тура албайбыз. Түркия уруу өлкөсү эмес. Абдан ачык жана так, оңой эле айтамын. Америкада индеецтер тууралуу муну айтпай коюу, сүйлөбөй коюу мүмкүнбү? Индеецтердин тарыхы Американын жүзүндөгү кара тагы»,-деп айтты.

Сирия кризисинде болсо Түркиянын маселесинин мунай зат эмес, сириялыктардын тынчтыгы кантип камсыздала турганы экенин баса белгилеген Президент, жикчил террордук уюм ПКК менен Сириядагы уландысы ЙПГ элементтерин «күрт» деп айтуунун өзү күрттөрдү урматтабоо экенин белгиледи.

«Биз, ПКК менен күрөшүүнүн ДЕАШ менен болгону сыяктуу чечкиндүү жана биргелешип жүргүзүлүшү керектигин ойлоодобуз»,-деп айткан Эрдоган, «бүгүнкү күндө террордук уюмдарды ажыратып карагандардын келечектеги апааттарга үрөн сепкендери» боюнча эскертти.


Этикеткалар: #Эрдоган

Тектеш кабарлар