Түркия АКШнын мыйзам долбооруна каршылык көрсөттү

АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитети, Түркияны бутага алган санкциялык мыйзам долбоорун кабыл алган болчу.

1322133
Түркия АКШнын мыйзам долбооруна каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлиги, АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитетинде кабыл алынган санкциялык мыйзам долбоорунун Түркиянын эгемендик чечимдерине карата сыйлабастык кылганын билдирди.

Министрликтин жазуу түрүндөгү жарыясында «Тынчтык булагы» операциябыз жана С-400 системасы себеби менен өлкөбүзгө санкция киргизилишин көздөгөн мыйзам долбоорунун АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитетинде кайсы себеп менен кабыл алынганын билебиз. Мунун себеби көп убактан бери (Сириянын түндүгүндө) кылдаттык менен даярдалган долбоорго оор сокку урганыбыздан келип чыккан ойлорунун ишке ашпай калуусуна терең кыжырдануусунан болуп олтурат», делди.

Билдирүүдө, акыркы убакта Конгресстин ар эки канатында ички саясий эсептер менен жүргүзүлгөн жана Түркияга каршы тийиштүү чөйрлөр тарабынан колдоого алынган киришүүлөр үчүн «улуттук коопсуздугубузга карата эгемендүү чечимдерибизге урмат-сый көрсөтпөөнүн жаңырыгы болуп саналат», деген сөздөргө орун берилди.

Сөз болгон аракеттердин Түркия-АКШ карым-катнаштарына зыян тийгизүүдөн башка күчү болбогонуна шилтеме кылынган Министрликтин билдирүүсүндө: «Өкүлдөр палатасынын 29-октябрда кабыл алган окшош мазмундагы мыйзам долбооруна керектүү каршы чыгууну көрсөткөнбүз. Бул ирет Сенаттын күн тартибине алынууга аракет кылынган долбоор, биз жасаган түшүндүрүүлөрдүн түшүнүлгүсү келбегенин көрсөтүүдө. АКШ Конгресси, Түркия-АКШ карым-катнаштарынын өнүктүрүлүшүнө карай өткөн апталарда эң жогорку деңгээлде тастыкталган орток максаттарыбызга зыян тийгизбегидей конструктивдүү мамилени көрсөтүүгө жана акыл-эстүү иш-аракет кылууга чакырабыз»,-деп айтылды.

АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитети, Түркиянын Орусиядан С-400 сатып алуусун жана Сириядагы кадамдарын бутага алган санкция мыйзам долбоорун 4 каршы, 18 макул добушу менен кабыл алган болчу.



Тектеш кабарлар