Анталия көгүлтүр байрак менен дүйнөдө биринчи орунда
Анталияда 202 көгүлтүр байрактуу пляж бар.
![Анталия көгүлтүр байрак менен дүйнөдө биринчи орунда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5d88/79e4/bf03/5df1dfe8d4b69.jpg?time=1718796505)
Анталия дүйнөдө эң көп көгүлтүр байрактуу пляж болгон шаар болду.
Анталия саламаттык сактоо дирктору Үнал Хүлүр берген маалыматында көгүлтүр байрактын керектүү стандарттарда болгон пляж, яхталарга берилген эл аралык бир экология сыйлыгы: таза, камсыздалган, ишенимдүү жана маданияттуу чөйрөнүн символу экендигин айтты.
Анталияда бул жылдын ичинде 422 пляждын текшерилгендигин айткан Хүлүр буларды билдирди : «Көгүлтүр байрак эл аралык мүнөзү менен да туризм үчүн өзүнчө бир маанигее ээ. Анткени эс алуу үчүн билбеген, жаңы тааный турган бир жерге барганда адамдардын эл аралык кепилдикти камтыган жана өзгөчөлүктөрүн билген бир пляжга баруу үчүн план түзүшү оңой болууда. Көгүлтүр байрак ушул себептен күчтүү туризм байланыш каражаты».
Түркияда 463 көгүлтүр байрак сыйлыгын алган пляждын бар экендигин айткан Үнал Хүлүр : «Анталия ээ болгон 202 көгүлтүр байрактуу пляжы менен дүйнөнүн эң көп көгүлтүр байрактуу шаары»,- деди.
Тектеш кабарлар
![Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/17dc/85c7/62ef/667274aa8f555.jpg?time=1718796506)
Эрдоган менен Пашинян телефон аркылуу сүйлөштү
Сүйлөшүүдө премьер - министр Пашинян президент Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктады.