Ливия менен Түркиянын ортосунда кол коюлган меморандум ишке кирди

Ливияда эл аралык таанылган  Улуттук ынтымак өкмөтү Түркия менен кол коюлган макулдашуу меморандумунун ишке киргендигин билдирди.

1320090
Ливия менен Түркиянын ортосунда кол коюлган меморандум ишке кирди

Ливияда эл аралык таанылган  Улуттук ынтымак өкмөтү Түркия менен кол коюлган  меморандумдун ишке киргендигин билдирди.

Улуттук ынтымак өкмөтүнүн адилеттик министрлигинин булактарынан алынган маалыматка караганда Улуттук ынтымак өкмөтүнүн төрагалык кеңешинин Түркия менен кол коюлган Коопсуздук жана аскердик кызматташуу меморандуму жана Деңизде карамагындагы аянттардын чектелишине байланыштуу меморандум тууралуу чечиминде тийиштүү бөлүктөрдөн келишимдин бекитилген күндөн баштап ишке киргизилиши талап кылынды.

Чечимде өзгөчө өлкөдө чыгарылган чечимдердин өзүнчө эмес,  бир томдук катары жарыялангандыгы, бул чечимдин да келерки жылдын башында Расмий гезитте жарыяланары белгиленди.

Президенттик Кеңеш 5 -  декабрда Коопсуздук жана аскердик кызматташуу мемрондуму менен Деңизде карамагындагы аянттардын чектелишине байланыштуу меморандумду бекиткен.

Улуттук ынтымакташуу өкмөтүнүн төрагалык кеңешинин төрагасы Файиз ес  - Серраж тарабынан кол коюлган текстте Президенттик Кеңешинин 27 -  ноябрда кол коюлган эки меморандумунун бекитилиши тууралуу чечим чыгаргандыгы жана чечим чыгарылган күндөн баштап ишке кирүү шартынын киргизилгендиги билдирилген.

Текстте айрыкча тийиштүү мекемелерден чечимдин Расмий гезитте жарыяланышы талап кылынган.

Түркия менен Ливиядагы Улуттук ынтыкмактык өкмөтүнүн ортосунда 27 -  ноябрда «Коопсуздук жана аскердик кызматташуу меморандуму» менен эки өлкөнүн эл аралык мыйзамдан келип чыккан укуктарынын сакталып калышын максат кылган «Деңизде карамагындагы аянттардын чектелишине байланыштуу меморандумга» кол коюлган.



Тектеш кабарлар