Террор менен күрөш

Агрынын Тутак элетинде жүргүзүлгөн операцияда төрт террористжок кылынды.

1318939
Террор менен күрөш

Агрынын Тутак элетинде жүргүзүлгөн операцияда 4 террорист жок кылынды.

Ички иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда ички коопсуздук операцияларынын негизинде Тутак районунун элетинде Облустук Жандармерия Командирлиги жана Облустук Коопсуздук Директорлугунун бөлүктөрү тарабынан операция жүргүзүлдү.

Операция учурунда жандармерия жана полиция бригадалары менен бир группа террористтин арасында кагылышуу чыкты. Чыккан кагылышууда куралдуу 4 терроорист жок кылынды.

Бир тараптан Ирактын түндүгүнөн качкан жикчил террордук уюмдун ПКК мүчөсү 3 террорист дагы Силопиде коопсуздук күчтөрүнө багынды.

Улуттук коргоо министрлигинин твиттерден берилген маалыматында чечкиндүү жана ийгиликтүү операциялардын акырында ПКК террордук уюмунан качуулардын улантылып жаткандыгы белгиленди.

Маалыматта Ирактын түндүгүндөгү баш калкалоо аянттарынан качкан ПКК мүчөсү 3 террористтин Силопидеги коопсуздук күчтөрүнө багынгандыгы маалымдалды.



Тектеш кабарлар