Чавушоглу Братислвада Ч.Айдарбеков жана бир канча министр менен жолугушту

Чавушоглу, Словакиянын борбор шаары Братиславада өткөн Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) министрлер кеңешинин отурумунун алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

1318514
Чавушоглу Братислвада Ч.Айдарбеков жана бир канча министр менен жолугушту

Түркия Республикасынын Тышкы Иштер Министри Мевлүт Чавушоглу, Словакиянын борбор шаары Братиславада өткөн Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) министрлер кеңешинин отурумунун алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Чавушоглу, жыйналыштын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министри Чынгыз Айдарбеков, Молдованын тышкы иштер министри Аурелиу Чекой, Ооганстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Идрис Заман, ИНТЕРПОЛдун башкы катчысы Юрген Сток, ЕБнин жогорку өкүлү жана Европа комиссиясынын төрага орун басары Жозеп Боррелл Фонтеллес, ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын төрагасы Жорж Церетели менен катар ЕККУнун Парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы Роберто Монтелла менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

ЕККУнун Министрлер кеңешинин жыйналышы иш тамагынан кийин боло турган экинчи отурум менен уланат.

Братиславада 2 күн улана турган жыйналышта ЕККУ аймагындагы учурдагы коркунуч жана сыноолор менен катар токтогон кагылышуулар карала турган ар түрдүү иш-чаралар өтөт.



Тектеш кабарлар