Калын: «Шериктештер Түркиянын коопсуздук тынчсызданууларына олуттуу кароосу керек»

НАТОнун саммити 3-4-декабрда Лондондо өткөрүлөт.

1314019
Калын: «Шериктештер Түркиянын коопсуздук тынчсызданууларына олуттуу кароосу керек»

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, шериктештердин Түркиянын коопсуздук тынчсызданууларына олуттуу кароосу керектигин белгиледи.

НАТОнун саммити 3-4-декабрда Англиянын баш калаасы Лондондо өткөрүлөт.

АКШ жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГни коркунуч катары көрсөткөн НАТОнун планына каршы чыкты. Түркия АКШга каршылык көрсөтүп НАТОнун Балтика өлкөлөрү жана Польшага карата коопсуздук планын бекиткен жок.

Президенттик аппараттын басма сөз катчысы Ибрахим Калын, социалдык медиа баракчасынан темага байланыштуу маалымат берди.

Түркиянын НАТОнун эң чоң армияга ээ болгон жана Европа Биримдигине толук мүчө болууга аракет кылып жаткан күчтүү мүчөсү экенин белгиленди.

Калын: «Шериктештер Түркиянын улуттук коопсуздугуна каршы келген коркунучтарга олуттуу кароосу керек жана муну ашып өтүү үчүн кызматташтык ичинде кыймыл кылуулары зарыл»,-деди.



Тектеш кабарлар