Эрдоган эртең АКШга сапар тартат

Президент Эрдоган, сапарынын алкагында АКШнын президенти Трамп менен жолугат жана аны менен бирге делегациялар аралык жолугушууларга жетекчилик кылат.

1304447
Эрдоган эртең АКШга сапар тартат

 

Президент Режеп Таййип Эрдоган, АКШнын президенти Дональд Трамптын чакыруусу боюнча эртең ал өлкөгө барат.

Эрдоган, Трамптын чакыруусу боюнча 12-13-ноябрь күндөрүндө АКШга иш-сапары менен барат.

Президент Эрдоган, сапарынын алкагында АКШнын президенти Трамп менен жолугат жана аны менен бирге делегациялар аралык жолугушууларга жетекчилик кылат.

Жолугушууларда Түркия менен АКШнын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштар бардык жагынан каралат. Жолугушууларынын алкагында Сирия баш болгон аймактык жана маданий маселелердин кеңешилиши, айрыкча терроризмдин ар түрдүүсү менен күрөшүүдө колдошуу, кызматташтык жана координациянын күчтөндүрүлүшү үчүн таштала турган так кадамдар боюнча сүйлөшүүлөр болот.

Жолугушуунун алкагында АКШнын Соода палатасынын кожоюндугунда уюштурула турган жыйналышта ишкерлерге кайрыла турган Эрдоган, Мэриленд штатында орун алган Америка Диний борборуна барып түрк атуулдары, түрк тектүү америкалыктар жана мусулман коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалууда.



Тектеш кабарлар