Президенттиктен АКШга каршылык көрсөтүлдү

Президенттик кабинет жыйналышынан кийин АКШнын Мамлекеттик катчылыгынын «2018-жыл террор отчету» тууралуу жазуу түрүндө билдирүү жасалды.

1300127
Президенттиктен АКШга каршылык көрсөтүлдү

Түркия Президенттиги АКШнын «2018-жыл террор отчетуна» каршылык көрсөттү.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде өткөн Президенттик кабинет жыйналышынан кийин АКШнын Мамлекеттик катчылыгынын «2018-жыл террор отчету» тууралуу жазуу түрүндө билдирүү жасалды.

Билдирүүдө, аты аталган отчетто жикчил террордук уюм ПККнын Сириядагы уландысы ЙПГ/ПЙДдан жана Фетуллахчы террордук уюмдан (ФЕТӨ) сөз кылынбашынын «кош стандарттуу мамиленин эң ачык мисалдарынан бири» экендиги белгиленди.

Террор менен күрөшүү шылтоосу менен дүйнөнүн төрт тарабында кыймылын жүргүзгөн АКШнын бул отчеттон кийин терроризм темасында эч кимге айта турган сөзү калбаганы баса белгиленген билдирүүдө, «Террордук уюмдар менен бир төшөккө киргендердин абалынын, акыры барып ошол уулуу жылаан тарабынан чагылуу боло турганын дагы бир жолу эскерткибиз келет»,делди.

Түркиянын 1984-жылдан бери үзгүлтүксүз түрдө жикчил террордук уюм менен күрөшкөн, мындан мурда дагы АСАЛА баш болгон ар түрдүү террордук уюмдардын глобалдык деңгээлде кол салууларына дуушар болгон өлкө экенине көңүл бурулган билдирүүдө, «Дүйнөдө Түркия сыяктуу террордук кол салууларга дуушар болгон жана террордук уюмдар менен таасирдүү күрөш жүргүзүп ийгиликке жетишкен абдан аз өлкө бар»,деген сөздөргө орун берилди.

«Түркиянын ПКК жана ДЕАШ менен болгону сыяктуу ПЙД жана ФЕТӨ баш болгон берки бардык террордук уюмдар менен чечкиндүү күрөш жүргүзүүсүн уланта турганы» билдирилди.



Тектеш кабарлар