Түркия Грециянын "мыйзамсыз көчкөндөрдү" артка түртүп коюусуна каршылык көрсөттү

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги, Грециянын мыйзамсыз мигранттарды кургактыктан жана деңизден Түркияга кайра кайтаруусуна байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

1295932
Түркия Грециянын "мыйзамсыз көчкөндөрдү" артка түртүп коюусуна каршылык көрсөттү

Түркиянын Грецияга «мыйзамсыз мигрант» каршылыгы...

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги, Грециянын мыйзамсыз мигранттарды кургактыктан жана деңизден Түркияга кайра кайтаруусуна байланыштуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Грециянын мыйзамсыз көчкөндөрдү грек органдары аркылуу Түркияга түртүп коюу абалын моюнга албай четке какканы билдирилген жарыяда, «Чек арабызда грек кызматкерлердин колу менен ишке ашкан мыйзамсыз көчкөндөрдүн артка түртүлүү окуялары деңизде дагы, кургактыкта дагы уланууда»,делди.

Анда, 2018-жылы 11867, 2019-жылдын биринчи он айында болсо 25404 мыйзамсыз көчкөндөрдүн Грециядан Түркияга түртүлгөнү катталды.

Артка түртүлгөн мигранттар менен баарлашуулар болгону маалымдалган жарыяда, «Бул кишилердин грек кызматкерлери тарабынан кармалгандан кийин жеке буюмдары тартылып алынып эч бир расмий каттоо жасалбастан, бир топ окуяда кабыл алынгыс мамилелерге дуушар кылынып сабалып жана грек кызматкерлердин коштоосунда чек арабызга түртүлгөнү белгиленди»,деген сөздөр орун алды.

Анда, «Грек полициясы тарабынан кармалган жана эки күн ач калтырылып, электрдүү шок менен эстен тандырылып, желим ок менен атылып жана ур-токмокко алынган соң Марица дарыясына ыргытылган артка түртүлүүнүн жабырлануучусу болгон мыйзамсыз көчкөндөр» тууралуу ар түрдүү видео, фотосүрөт, документ жана жабырлануучулардын айтымдары орун алганы баса белгиленип, «Грециянын эл аралык эрежеге терс түрдө артка түртүү кылыктары, Европа Кеңешинин отчетторунда катталган. Европа Кеңеши Грециядан эл аралык эрежеге шайкеш келбеген сөз болгон артка түртүү аракеттеринин токтотулушун жана бул окуялардын изилденишин талап кылган. Жаңы Грек өкмөтүн колубузда ар түрдүү маалыматы жана документи турган жана Европа Кеңеши тарабынан да тастыкталган артка түртүү окуяларын моюнга албай четке кагуунун ордуна, эл аралык эрежеге терс болгон бул саясатын оңдоо үчүн иштөөгө чакырабыз»,делди.



Тектеш кабарлар