Аксой: «Эбубекир аль-Багдади Түркиянын эң чоң душмандарынын бири болуп саналат»

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы жазуу түрүндө жооп берди.

1295791
Аксой: «Эбубекир аль-Багдади Түркиянын эң чоң душмандарынын бири болуп саналат»

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хами Аксой, террордук уюм ДЕАШтын корбашчысы Эбубекир аль-Багдадинин адам баласынын, Ислам дининин жана Түркиянын эң чоң душмандарынын бири экенин белгиледи.

Хами Аксой, Багдидинин өлтүрүлүшүнө байланыштуу суроого жазуу түрүндө берген жообунда буларга токтолду: «Эбубекир аль-Багдади адам баласынын, Ислам дининин жана Түркиянын эң чоң душмандарынын бири болуп саналат. Түркия ДЕАШка каршы күрөшүү боюнча эл аралык коалициянын эң активдүү мүчөлөрүнүн бири катары, бул террористтин түзгөн уюмуна жана анын көз караштарына каршы күрөшүп келди. Керек болсо ДЕАШ, керек болсо ПКК/ЙПГ сыяктуу уюмдар менен күрөшүүбүз мындан ары да үзгүлтүксүз уланат».



Тектеш кабарлар