Фидан канадалык кесиптеши менен жолугушту
Министрликтин X социалдык медиа платформасындагы билдирүүдө, министр Фидандын канадалык кесиптеши Жоли менен борбор шаар Анкарада жолугушканы кабарланды.
![Фидан канадалык кесиптеши менен жолугушту](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/5848/b748/f314/6645a9f1bad31.jpg?time=1722046456)
Тышкы иштер министри Хакан Фидан кечээ Канаданын тышкы иштер министри Мелани Жоли менен жолугушту.
Министрликтин X социалдык медиа платформасындагы билдирүүдө, министр Фидандын канадалык кесиптеши Жоли менен борбор шаар Анкарада жолугушканы кабарланды.
Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда, 2024-жыл Түркия менен Канаданын ортосундагы дипломатиялык карым-катнаштардын 81 жылдыгына туура келип, акыркы жылдарда өзгөчө автомобиль, деңизчилик жана IT секторунда кызматташтыктын өнүктүрүлгөнү белгиленди.
Болжол менен 3 миллиард доллар болгон Түркия-Канада соода көлөмүнүн кыска мөөнөттө 5 миллиард долларга жеткирилиши максат кылынууда.
Биринчиси 2019-жылы Стамбулда өткөрүлгөн Канада менен Биргелешкен экономикалык жана соода комитетинин (JETCO) жыйынынын келечекте улантылышы күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
![ПКК террордук уюмунун 15 террористти жок кылынды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/b563/3121/7da9/661f89147bdd1.jpg?time=1722046457)
ПКК террордук уюмунун 15 террористти жок кылынды
Бул тууралуу улуттук коргоо министрлигинин медиа эсебинен маалымат берилди.