Эрдоган Фицого жасалган кол салууну айыптады
Роберт Фицо кечээ Министрлер кеңешинин жыйынынан кийин дуушар болгон кол салууда жаракат алып ооруканага жеткирилген.
2140171
Президент Режеп Таййип Эрдоган Словакиянын премьер-министри Роберт Фицого жасалган кол салууну айыптап, анын тезирээк сакайып кетишин каалады.
Президент Эрдоган социалдык медиа баракчасындагы билдирүүсүндө: «Словакиянын премьер-министри Роберт Фицого карата кол салуу аракетин кескин айыптайм, кол салуудан жаракат алган Фицо мырзанын тезирээк сакайып кетишин каалайм. Өлкөмдүн жана улутумдун атынан Словакиянын элине жана өкмөтүнө эң жакшы тилектеримди билдирем»,-деди.
Роберт Фицо кечээ Министрлер кеңешинин жыйынынан кийин дуушар болгон кол салууда жаракат алып ооруканага жеткирилген.